Кафенин кызматкери зордуктоого шектелип кармалды

Бишкекте өспүрүм кызды зордуктоого шектелип кафенин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. Милицияга арыз менен 1964-жылы туулган жаран кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында белгисиз адамдар 2005-жылы туулган кызынын эркине каршы жыныстык катнашта болгонун айтып, чара көрүүнү суранган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.